• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

6 Тогуздун айы 202413:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Россиядп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 116