• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

13 Кулжа 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-июнда, КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.

Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

Количество просмотров: 48