• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров: Кыргызстан Орусия менен дагы 300 жыл да чогуу болууга даяр

25 Бирдин айы 2022 11:52 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Анда тараптар алака-катышты ар тараптан өнүктүрүү, кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

«Орусия менен Кыргызстан үчүн бул өзгөчө жыл. Мартта биз дипломатиялык алака-катышыбыздын 30 жылдыгын белгилейбиз. Орусия Кыргызстан менен көп кылымдык досутукка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүн аздектейт», -деди Мишустин.

Акылбек Жапаров өз кезегинде, «Орусия менен кызматташуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кетер алдында мен урматтуу президент Садыр Нургожоевич Жапаровго жолугуп калдым. «Биз Орусия менен 200 жылдан бери бирге болгонбуз жана дагы 300 жыл бирге болууга даярбыз», — деди. Биз мындан ары да ойлонбойбуз, биз бирге болгонбуз жана бирге болобуз», — деди.

Акылбек Жапаров 24-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты.

Количество просмотров: 170