• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жапаров Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтты

24 Жалган куран 2022 11:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин бүгүн 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм. Биз — чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бизге эки эл тең жакын. Биз боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан бул согуш токтошуна колубуздан келген аракетибизди жасайбыз”, — деди ал.

Количество просмотров: 98