• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

5 Жалган куран 202210:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Ал ак калпак – элдин тарыхы менен тыгыз байланышып, маданияты менен турмуш-тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келгенин айтат.

Ата-бабалардан калган ак калпак маданий мурасыбыздын маанилүү көрөңгөсүнө айланды.

«Жыл сайын өлкөбүздө 5-март ‒ Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата анын маани-маңызын чечмелөө, жайылтуу менен, кыргыз маданиятына болгон атуулдук сезимдерди ойготуу максатында жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп келе жатканы кубандырат. Аларды белгилөө менен кыргыз элинин салттуу маданиятынын асыл-наркы жаштар арасында жайылтылып, өнүктүрүлүп, даңазаланып келет», -деди Жапаров.

Количество просмотров: 84