• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Жапаров: «Кыргызстандын калкы улгайып бара жатат»

20 Бештин айы 202412:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын калкы улгайып бара жатканын айтты.

Анын айтымында, эгерде калктын саны өспөсө, анда келечекте мамлекеттин экономикалык активдүүлүгү төмөндөйт, социалдык системалар оорлошот жана өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу олуттуу кыйынчылыктар келип чыгат.

«Бириккен Улуттар Уюмунун талдоосуна ылайык, 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү жалпы калктын 4 пайыздан азын түзсө, анда өлкө жаш деп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүч 4 пайыздан 7 пайызга чейин болсо, өлкөдө калктын улгайып бараткандыгынын белгиси. Улгайган адамдардын көрсөткүчү 7 пайыздан ашса, калктын улгайып калгандыгы катары сыпатталат. 2024-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү 5,7 пайызга (408 миңге жакын) жеткен. Тилекке каршы, бул Кыргызстандын калкы улгайып бара жаткандыгынан кабар берет. Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга карата божомолу боюнча улгайган калктын көрсөткүчү болжол менен 7 пайызды түзөт. Бул биздин өлкөдөгү калктын улгаюу тенденциясына өткөндүгүнүн белгиси», — деди президент.

Президент белгилегендей, мындан улам мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдарды жасоодо.

Количество просмотров: 308