• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчисине сөгүш берди

24 Үчтүн айы 202523:02 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, сөгүш президенттин Кытайга жасала турган мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо келтирилген одоно катасы жана «мамлекеттик кызматкерлердин өз ара карым-катнашынын этикасын бузгандыгы» үчүн берилген.

«Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирген одоно катасы үчүн сөгүш берилди», — деп жазылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 420