• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаров мамлекеттик имараттарга өзүнүн сүрөтүн илбөөгө чакырды

8 Бирдин айы 202116:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров өзүнүн портретин мамлекеттик имараттарга, кызматтык иш бөлмөлөрүнө илбөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу 8-февралда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди:

«Президент Садыр Жапаров азыркы тапта өзүн атуулдардын жашоосун жакшыртуу үчүн эмгек кыла элекмин деп эсептейт. Ошондуктан президент бардык мамлекеттик органдарга портретин илбөөнү сунуштап жатат»,-деп билдирди Байтерек.

Ошондой эле мамлекет башчы Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков сыяктуу чыгаан ишмерлердин сүрөтүн илүү максатка ылайык экенин белгилеген.

Количество просмотров: 243