Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчаларынан уу коргошун жөнүндө билдирүүлөр «тышкы кийлигишүүсүз» алып салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
«Сөз болуп жаткан билдирүүлөр тышкы кийлигишүүсүз, өз демилге менен өчүрүлдү. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул багыттагы илимий-изилдөө иштерин уланта берерин белгилейбиз», — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Жапаровдун Facebook жана Instagram баракчасындагы «коронавирустан тез сакайта турган дары табылгандыгы» тууралуу өчүп калган.
Ал эми Facebook компаниясынын маалымат кызматы президенттин билдирүүлөрү компания тарабынан атайын өчүрүлгөнүн маалымдаган.