• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кыргызстандын бузукулары кимдер?» деген схема жарыяланган Жапаровдун Телеграм каналын ким башкарары айтылды

26 Чын куран 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Телеграм каналын ал өзү башкарбай турганын айтты.

Анын айтымында, каналга мамлекет башчы өзү эмес, анын күйөрмандары жазат.

«Ажонун «Кыргыз Республикасынын Президенти» деген бир каналы бар. Президенттин жоромолу жана кандайдыр бир схемасы пайда болгон каналга президент өзү эмес аны айрым күйөрмандары, колдоочулары жазган. Эми биздин IT-адистер кирүү коддорун жокко чыгаруу үчүн бул каналды ким баштаганын издеп жатышат», — деди Байтерек.

Эске салсак, буга чейин президенттин Телеграм каналына схема пайда болуп, анда АКШ демөөрчүсү делген ММКлар, саясатчылар, уюмдар көрсөтүлгөн.

Нет описания.
Количество просмотров: 2482