Президент Садыр Жапаров «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлык улуттук маданиятты өнүктүрүү, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоо жана жайылтуу, элдик оозеки чыгармачылыкты дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга кам көрүү максатын көздөйт. Ошондой эле анын алкагында «Манас» үчилтигин жана башка эпосторду кийинки муундарга заманбап технологиянын жардамы аркасында жайылтуу, эпосту жаңы жагдайда иликтөөгө алуу, жаш муунду руханий жактан тарбиялоодо, кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо «Манас» эпосундагы баалуулуктарды пайдалануу сыяктуу бир катар чаралар ишке ашырылат.
Министрлер кабинети 1-сентябрга чейин «Манас» эпосун изилдөө жана даңазалоо боюнча концепцияны жана аны жүзөгө ашыра турган планды иштеп чыгышы керек.
«Манас» эпосу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү» долбоору жазылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.