• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров мартка чейин арык-каналдарды тазалоо тапшырмасын берди

11 Үчтүн айы 202214:48 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 11-январда жазга даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагындагы ирригациялык тармактарды жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо, оңдоо пландары талкууланды.

«Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды жакшыруу боюнча бардык иштер үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин жыйынтыкталышы зарыл, ошол эле учурда ар бир акимдин Айыл чарба министрилиги менен биргеликте иштелип чыккан вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттүү иш-планы болушу тийиш», — деди Жапаров.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу кеңешме Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – район акимдери жыйынга онлайн форматта катышты.

Количество просмотров: 258