• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады (сүрөт)

20 Теке 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи.

Умра — кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.

Количество просмотров: 122