Президент Садыр Жапаров мамлекеттик, муниципалдык орто мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мажбурлап мыйзамсыз каражат чогулткандарга айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 27-ноябрда кабыл алган.
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга 20 миң сом айып салынат. Мектептерде фонддорду түзүп ал аркылуу каражат жыйнаган адамдар 40 миң сом, юридикалык жактар 60 миң сом айыпка жыгылат.