• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров менен биринчи айым Эрдогандын инаугурациясына катышты

4 Кулжа 2023 7:56 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге бүгүн, 3-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чара 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды.

Түркия Республикасынын шайланган президенти Режеп Тайып Эрдоган инаугурациялык сөз сүйлөдү.

Андан соң бардык жогорку даражалуу коноктор үчүн Түркия Президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

Количество просмотров: 121