• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров менен депутаттар Кумтөргө барды

30 Үчтүн айы 2023 17:49 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды.

Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

Эл өкүлдөрүнө ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо жана алтынды кенден тышкары уруксаатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди.

«Алтындын ар бир граммы көзөмөлдө», — деп белгиледи ишкананын жетекчилиги.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

Теги:
Количество просмотров: 711