• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров менен Катардын эмиринин эки тараптуу жолугушуусу өттү

7 Кулжа 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент эмирдин визити зор тарыхый мааниге ээ экенин, анткени бул Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын 30 жыл ичиндеги мамлекеттик визит макамына ээ болгон биринчи иш экенин баса белгиледи.

«Албетте, Сиздин визит өз ара ишенимге негизделгени талашсыз жана бул кыргыз-катар туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Катардын эмири өз кезегинде лидерлердин буга чейинки жумушчу сапарлары жана эл аралык уюмдардын аянтчасындагы жолугушуулар эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүгө жакшы түрткү болгонун баса белгиледи.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ошондой эле Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кун мурун биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Количество просмотров: 52