• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Министрлер кабинетинин төрагасы карып калды дегенден алысмын

9 Кулжа 2022 16:21 Бишкек Govori.TV

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өкмөттүн курамынын 50%дан ашыгын жаштар түзө турганын айтты. Бул тууралуу ал Би-Би-Си кыргыз кызматындагы маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө кадрдык таңкыстык бар, бирок көч бара-бара түзөлөт.

«Мен “мейли кимдин убагында иштебесин, мурда кандай кемчиликтери болбосун, ага көз жумабыз, эң негизгиси мындан ары мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп берсе болду” деп башынан эле айтып келе жатпаймынбы. Анткени бизде кадрдык таңкыстык бар. Ошол үчүн Акаевден баштап Жээнбековго чейин иштеген бирин-экин күчтүү кадрлар бар. Менимче ошолорду айтып жатса керек. Биз ар бир министрдин, губернатор менен акимдердин жана Администрацияда иштеген кызматкерлердин кандай иштеп жатканын байкап турабыз. Потенциалы бар кадрларды кетирбей кармап жүрөбүз. Аларды кетирип, ордуна тилинен чаң чыккан жаштарды дагы коюп көрбөдүкпү. Тилекке каршы, тилинен чаң чыккан менен өкмөттүк ишти тартып кете алышпайт экен. Жаштар десек, өкмөттүн курамында 50 пайыздан ашыгы жаштар. Бийликте жалаң эски кадрлар, жашы улгайгандар дегенди мен деле угуп калып атам. Эми так фактылар менен карап көрөлү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров карып калды дегенден алысмын. Күчкө, тажырыйбага толуп, иштей турган мезгили. Орун басарлары деле жаш эле. Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов. Юстиция министри Аяз Баетов 37 жашта, Маданият министри Азамат Жаманкулов 35 жашта, Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов 36да, Экономика жана коммерция министри Данияр Иманалиев 39 жашта, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев 32де. Президенттик Администрациянын жооптуу бөлүм жетекчилери дагы жаш балдар-кыздар. Кырдаалдык борбордун жетекчиси Азамат Жанузаков 35 жашта, башкармалык башчысынын орун басары Мирбек Кожоев 39 жашта. Президенттин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүм башчысы Азамат Осмонов 36да. Жаш менен бирге тажрыйба дегенди да унутпайлы. Андыктан, бул маселеде учурда кандайдыр бир көйгөйлөр бар дегенден алысмын. Албетте бир аз кемчиликтер бар. Жипке тизгендей дегенден алысмын. Бирок көч бара-бара түзөлөт. Түздөйбүз»,-деп билдирген Жапаров.

Количество просмотров: 84