• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров Москвада Мишустин менен жолугушту 

19 Үчтүн айы 2024 9:11 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 18-январында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары болуп өттү.

Визиттин алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиясынын илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп», Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.

Количество просмотров: 88