Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Париж Олимпиадасындагы кыргыз спортчуларын түзүлгөн шарт боюнча сындарга жооп берди. Жапаров уюштуруу боюнча Кыргызстандын Олимпиадалык комитетинен кемчиликтер болгонун, бирок жалпы жолунан спортчуларга жетишерлик кам көрүлүп жатканын айтты. Мамлекет башчы комитет спортчуларга диетолог жана психолог кошуп берүү маселесин да карап коюшса болмоктугун белгилеген.
«Олимпиадага кетээр алдында, 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз. Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу”, — деди Жапаров.
Президент спортчуларга жакшы көңүл бурулуп жатканын айтып, акырк үч жылда күрөшчүлөргө жылына 4 миллион сомдук витаминдер алынганын билдирди.
Буга чейин Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев Париждеги спортчулар бардык тамак-аш менен жетиштүү камсыз болгонун билдирген.
Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттер менен сүйлөшкөндө мелдешке коштоп барган диетолог жана психолог жок экенин дагы айтып, туура эмес тамактанып алышым мүмкүн деген болчу.
Социалдык тармактарда спортчулардын тамак-ашы жөнүндө талкуу болуп жатат.