• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жапаров Профсоюздар федерациясын катуу сындады

10 Аяк оона 2023 19:30 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Профсоюздар федерациясы акыркы 30 жылда санаторий, курорттук жана туристтик объектилерди өнүктүрүүдө жана колдоодо эч кандай маанилүү натыйжаларга жетише албаганын баса белгиледи.

Анын айтымында, бул объектилердин басымдуу бөлүгү кыйроо абалында турат, көбү сатылып кеткен, бул алардын инфраструктурасына жана тейлөө сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

Ошол эле учурда Профсоюздар федерациясына жыл сайын 600 млн сомго жакын бөлүнсө, акыркы 30 жылда жалпысынан 6,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2021-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жыл сайын 5 млн. сомдон балдар лагерлериндеги балдардын ден соолугун чыңдоого каражаттар бөлүнүп турган.

Садыр Жапаров жаңыланган «Жыргалаң» курортун капиталдык оңдоп-түзөөгө жана курууга 150 млн сомго жакын каражат сарпталганын, Профсоюздар федерациясы иштеген жылдар бою алар тараптан бир дагы жаңы объект курулбаганын же болгон объектилер капиталдык оңдоодон өткөрүлбөгөнүн белгиледи. Бул убакыттын ичинде бул санаторийлерде көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жакшыртылган эмес, тескерисинче, абдан төмөн деңгээлде. Иш берүүчүлөрдүн эсебинен жыл сайын чогултулуп жаткан финансылык каражаттарга карабастан, объекттер өтө кейиштүү абалда.

Ошол эле учурда бардык эле кызматкерлер санаториялык-курорттук мекемелерде эс алууга мүмкүнчүлүк ала албагандыгын белгилей кетүү зарыл. Профсоюздардын санаториялык-курорттук мекемелерине жолдомолорду бөлүштүрүүдө да коррупциялык схемалар болгон.

Мамлекет башчысы айткандай, Профсоюздар федерациясынын мүлкү жана жер участоктору мыйзамды айланып өтүп, үчүнчү жактарга сатылган, ал эми профсоюз мыйзамдары боюнча алардын мүлктөрү сатылбашы керек. Алардын балансында турган 284 объекттин ичинен 134 объект мыйзамсыз сатылган.

Президент Садыр Жапаров мындан ары бул жагдайдын баары көзөмөлгө алынарын баса белгиледи. Башкы прокуратурага жана Эсептөө палатасына мыйзамсыз ажыратылган объектилерди жана жер тилкелерин инвентаризациялоо жана аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча ишти баштоо тапшырылды.

Министрлер Кабинетине Профсоюздар федерациясы менен алардын иштөө принциптерин кайра карап чыгуу, санаториялык-курорттук жана туристтик объектилерди заманбап, ылайыктуу абалга келтирүү үчүн биргелешкен иш-аракеттердин конкреттүү планын белгилөө, ошондой эле жолдомолорду бөлүштүрүү принцибин кайрадан карап чыгуу тапшырылды.

Количество просмотров: 239