• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды

13 Тогуздун айы 2022 18:25 Бишкек Govori.TV

Астана шаарындабүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды.

Тараптардын жолугушуусу жабык режимде өтмөй болду. Жолугушуу Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинин алкагында өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелер талкуулана тургандыгын кабарлаган.

Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Количество просмотров: 192