Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
“Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”,-деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.