Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул тууралуу мамлекет башчы «Российская газетага» берген маегинде билдирген.
Журналист Жапаров Путинге эмне тартуулагандыгына кызыккан. «Мен президент Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Кылыч Кыргызстандагы мыкты чеберлердин колунан чыккан», — деп жооп берген.
Белгилей кетсек, Жапаровдун маеги гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.