• Ишенби 5 Бештин айы 2020

Жапаров Путинге телефон аркылуу сүйлөшүүнү сунуштады

10 ноября 2020 в 17:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешине президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров да катышты. Видеоконференция түрүндөгү бул кеңеш Россия Федерациясынын төрагалыгы астында уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу болду.
Кыргызстан менен Россиянын бардык багыттагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеген С.Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге: «Сизден телефон аркылуу талкуулоо мүмкүнчүлүгүн сурагым келип турат», – деп кайрылды.

Количество просмотров: 727