• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Түркия президентине көңүл айтты

16 Тогуздун айы 202210:02 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр кениндеги жарылуунун натыйжасында жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

«Түркиянын Бартын провинциясынын Амасра районунда, көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 672