• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Түркияга экспорттолгон товарларга жеңилдик берүүнү сунуштады

5 Жетинин айы 202414:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрдагы Режеп Тайип Эрдоган менен болгон жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Түркиянын жылдык соода жүгүртүүсүн 5 миллиард долларга жеткирүү үчүн Анкарадан айрым жеңилдиктерди сурады.

“Ушуга байланыштуу Кыргызстандын экспорттук товарларына жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизип берүүңүздөрдү суранам. Кыргызстан бүгүнкү күндө Борбор Азияда суу-энергетикалык ресурстарга бай өлкө. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы 142 миллиард киловатт/саатты түзсө, өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарын өздөштүрүү дарамети 13% гана түзүүдө. Түрк компанияларынын орто жана чакан ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм”, — деди Садыр Жапаров.

Президент быйыл 1-майдан тартып кыргыз-түрк ташуучулары эки өлкөгө жүк ташуу үчүн уруксат кагазы жокко чыгарылганын маалымдады.

Количество просмотров: 139