• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Талас облусуна жумушчу сапар менен барды

21 Үчтүн айы 202214:06 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык сапардын жүрүшүндө Акылбек Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышары айтылган.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иши менен таанышат.

Количество просмотров: 115