• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров ТМУ ички иштер министрлерин кабыл алды

6 Аяк оона 202414:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) ички иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Уюмдун ички иштер министрлерин кабыл алды.

“Бүгүнкү маанилүү иш-чара “күч бирдикте экендигин” таамай тастыктап, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн коопсуздугу – ар бириңиздер үчүн бийик милдет экендигин ачык көрсөтөт. Боордош түрк элдеринин жалпы коопсуздугуна байланышкан аракетиңиздер, биздин ата-тегибизден бери келе жаткан биримдиктин анык далили болуп турат. Улуу түрк дүйнөсү ынтымакты туу тутуп, эли-журтунун тынчтыкта өмүр сүрүшүнө баардык күч аракетин жумшаган өзгөчөлүгү бар экендигин баарыбыз жакшы билебиз”, — деди Жапаров.

Бул контекстте Садыр Жапаров бул маанилүү иш-чараны мындан ары өнүктүрүп, чыңдоо максатында үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп туруу зарылчылыгын айта кетти.

Президент тездик менен өнүгүп жаткан ааламдашуу доорунда, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча санариптештирүү багытында чогуу жана биримдикте иш алып баруу зарылдыгын да белгилеп өттү. Ички иштер министрлеринин жалпы коркунучтарга каршы туруу иш-аракеттери узак жылдар боюу, керек болсо кылымдар боюу кала турган биримдик болушу керек.

Количество просмотров: 96