• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Жапаров, Токаев, Мирзиёев Ысык-Көлдө этномаданий туризм менен таанышты

21 Теке 2022 8:48 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Nomad» этнокомплексинде Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Этнокомплекске келген өлкө башчыларын алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Андан кийин Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, анда боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарын көрүп, кол өнөрчүлөрдүн: улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.

Мамлекет башчыларына ошондой эле салбуурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, андан сырткары каскадёрлордун катышуусундагы оюн-зооктор көрсөтүлдү, андан соң бейформал сый тамакка киришти.

Количество просмотров: 335