• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Вицеликти тарта албайм деген Бактыбегим президент болом деп чыкты

17 Үчтүн айы 2022 16:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» гезитине берген маегинде Бактыбек Калмаматовдун кылмыш иши боюнча комментарий берип, журналисттин «Бактыбек Калмаматов «мени саясий куугунтук кылып, өч алуу болуп жатат» деди. Ушул чынбы?» деген суроосуна жооп берди.

«Чынын айтсам ошол жигитке көңүл деле бурбайм. Аны саясий куугунтук кылып эмне кылам.

Эгер Бактыбек кадыр-баркы эң жок дегенде 10 пайыз эл колдогон саясатчы болсо бир жөн. Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам. Мен ал бала боюнча бир да жолу жаман сөз айткан эмесмин. Ошол эле убакта ал бала мен жөнүндө эмне деген гана ыплас сөздөрдү айтып келди. Бирок мен көңүл бурган жокмун.

Мен Премьер-министр болгондо 2020-жылдын 7-8-октябрь күндөрү Бактыбек Калмаматовду «биринчи вице премьер-министр болуп иштеп бер» деп кабинетиме чакыргам. «Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам» деп кетип калган. Кийин карасам вицеликти тарта албайм деген Бактыбегим Президент болом деп чыкты.

Бул баланы артында турган карт бөрү карышкырлар «сен ушинтип кыйкырып чык» деп кокутуп сүрөп коюп жатышат. Алардын баарын кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да.

Артында турган ою жаман саясатчыларга Бактыбектин тагдыры баары бир. Алар үчүн анын тагдыры бир тыйынга татыбайт. Эптеп эле мамлекетте баш аламандык болуп кетсе, биз бир кызматка илинип калалы дегендер. Активист жаштарга — балдарга жана кыздарга ошондой саясатчылардын тузагына түшпөгүлө деп айтаар элем», — деген Жапаров.

Эске салсак, Бактыбек Калмаматов 2021-жылдын декабрь айында “Манас” аэропортунан УКМКга жеткирилген. Ведомствонун басма сөз борбору билдиргендей, анын социалдык тармактар ​​аркылуу аймактар ​​аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Сотко чейинки териштирүүлөр башталып, мурдагы эл өкүлү тергөө абагына киргизилген.

Количество просмотров: 1104