• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров Ысык-Көлдө «Акылман» лицейин ачты

25 Баш оона 2023 13:48 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл жээгинде Акылман” президенттик лицейин ачты.

Өз сөзүндө мамлекет башчы чогулгандарды ушундай маанилүү күн менен куттуктады.

«Ооба, өлкөбүздө өзгөчө шыктуу балдар арбын. “Кут бир келет — бакпасаң кетип калат, бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат” деп учурунда Жусуп Баласагын бабабыз таамай белгилегендей, дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарыл. Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учур. Мына ошондуктан, өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат.

Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат.

Биз ар дайым, “Балдар – биздин келечегибиз!” деп айтып келебиз. Эми айтып эле тим болбой, “Акылман” лицейин түптөп, алдыга коюлган максатын ишке ашыруу менен жалпы мектептерде ар бир окуучунун талантын ачууга, алардын катарынын көбөйүшүнө өбөлгө бололу деген ниетте турабыз. Бул максатта мектеп окуучулары арасында ар кандай кароо-сынактарды, билимин аныктоочу олимпиадаларды системдүү түрдө уюштуруп туруу негизги иш-чарага айланышы зарыл», — деди ал.

Президент белгилегендей, ааламдашуу доорунда ар бир бала уникалдуу.

“Акылман” мектебине өткөн окуучулар күнүмдүк турмуштун башка иштери менен алагды болбой, кесипкөй мугалимдердин көзөмөлүндө лицейде күн-түнү бир багытты, бир максатты көздөп, ийне менен кудук казгандай билим алышат деген үмүтүм чоң», — деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында түзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, лицейге бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өткөрүлүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча эки этап менен жүргүзүлөт:

I этап – тестирлөөгө катышуу үчүн тапшырылган окуучулардын документтерин баалоо;

II этап – тестирлөөгө катышуу жана тестирлөөдө алган баллдардын рейтинги боюнча жана белгиленген кабыл алуу квотасына ылайык окуучуларды тандоо жүргүзүү.

Ар бир класстагы окуучулардын саны 24төн ашпоого тийиш.

Лицейде окутуу – акысыз, лицейге башка аймактан келген окуучулар интернатта бекер жашоого жана тамактанууга укуктуу.

Количество просмотров: 121