• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле менен жолугушту

10 Жетинин айы 2023 17:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Париж шаарындагы (Франция) ЮНЕСКОнун имаратында Уюмдун Башкы директору Одрэ Азуле менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Ардактуу меймандар китебине Уюмга жакшы каалоо-тилектери менен жазуу калтырды.

Мамлекет башчысы менен саламдашууда Одрэ Азуле Садыр Жапаровго ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын Парижде өтүп жаткан 42-сессиясына катышуу боюнча оң чечим кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Уюмдун ишмердүүлүгүндөгү ролун белгиледи.

Ал ЮНЕСКО тарабынан колдоого алынган Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча демилгелерин жана алар өз кезегинде көп тараптуу кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.
Одрэ Азуле адамзаттын маданий жана тарыхый мурастарын сактоо боюнча ЮНЕСКО менен кызматташуу маселелеринде Кыргызстандын жигердүү позициясын канааттануу менен белгилеп өттү.

Өз кезегинде мамлекет башчысы Одрэ Азуленин учурда ЮНЕСКОдо жүргүзүлүп жаткан стратегиялык кайра түзүү процессиндеги реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууга кошкон жеке салымын, өзгөчө ЮНЕСКОнун аймактардагы аймактык бөлүмдөрүн реформалоого кошкон жеке салымын белгиледи.

Садыр Жапаров уюм менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөө максатында кыргыз тарап ЮНЕСКОнун башкаруу органына кайра шайлануу чечимине келгенин билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстан мындан ары да ЮНЕСКО мандат алган аймактарда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүгө, уюмдун баалуулуктарын өнүктүрүүгө жана жайылтууга өз салымын кошууга даяр.

Садыр Жапаров Кыргызстан мөңгүлөрдү сактоо жана суу ресурстарын башкаруу боюнча ЮНЕСКОнун колдоосун жогору баалай турганын ырастады.

Курчап турган чөйрөнү коргоо темасын талкуулап жатып, Мамлекет башчысы экология, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, келечек муундарды таза, коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрө менен камсыз кылуу, туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелери Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп калаарын белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, атап айтканда, билим берүү тармагында, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жаатында,
ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруунун мындан аркы пландарын өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.

Количество просмотров: 91