• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: Жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында кабыл алынат

27 Бирдин айы 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Российская газетага» берген маегинде конституциялык реформанын маанисин чечмелеп берди.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, жүргүзүлүп жаткан реформалардын мааниси бардык маселелер боюнча жоопкерчиликтин так аныкталышында.

«Элибиз жоопкерчиликсиз бийликтен тажады. Учурдагы Конституцияга ылайык, Президент маселелерди чечүү жана жоопкерчиликти алуу ыйгарым укуктарынан ажыратылган, ал эми Жогорку Кеңешке мындай ыйгарым укуктар берилген эмес. Президент институту жана парламент мамлекеттик башкаруу системасындагы эки маанилүү өкүлчүлүк институту болуп саналат. Ошол эле учурда эл өзүнүн ийгиликтерин жана көйгөйлөрүн Президенттен деп эсептеп келет. Өлкөдө парламенттик башкаруу формасын сактап калуу үчүн дагы деле болсо жетиштүү күчтөр жана көз-к араштар бар болгондуктан, бул боюнча мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо зарыл болчу. Буга байланыштуу 2021-жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болуп өттү. Өлкөнүн жарандарына мындан ары кандай формадагы республикада жашоону тандоо сунушталды: президенттик, парламенттик же экөөнө тең каршы», — деп айтты Садыр Жапаров.

Анын айтымында, эл башкаруунун президенттик формасын тандап, шайлоочулардын 80%дан ашыгы ушул башкаруу формасына добуш беришти.

«Бул көрсөткүч жарандардын өз ыктыяры жана эрки менен башкаруу формасын тандап алганын далилдейт. Бул президенттик башкаруу формасынан элдин күткөн үмүтү абдан чоң экендигин айгинелейт», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, экинчиден, бул этапта парламентти айрым ыйгарым укуктарынан ажыратып койду деп айтууга эртелик кылат. Мында Президенттин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Парламент мамлекеттик бийлик бутактарынын бири бойдон кала берет. Мыйзам чыгаруу органы катары Парламенттин негизги функциялары калат. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген, Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбоору парламенттин кароосунда турат.

Ал Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталарын белгиледи.

«Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо маселелери Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашат. Республикалык бюджетти бекитүү, Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, ошондой эле Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо жана бошотуу маселелери, Конституциялык Соттун жана Жогорку Соттун судьяларынын ичинен төрагаларды дайындоого жана бошотууга макулдук берүү жана башкалар парламентке тиешелүү болот.

Сиздер көрүп тургандай, парламенттин ыйгарым укуктарынын көбү сакталып калган. Балким, чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик балансы Премьер-министр менен Өкмөттөн Президентке өткөн. Акыркы өткөн референдумдун жыйынтыгында келип чыккан жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында кабыл алынат. Өзгөртүүлөр референдумга чыгарылып, эл өз тандоосун жасайт», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 196