• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жапаров жаңы министрлерди дайындады

13 Аяк оона 202318:22 Бишкек Govori.TV

Алымкадыр Бейшеналиев мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле президенттин дагы башка Жарлыгы менен Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалса, Нурия Кутнаева мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри болду.

Количество просмотров: 143