Президент Садыр Жапаров жаңы «Ош базарын» куруу кызуу жүрүп жатканын билдирди.
Президент 15-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына «келерки жылдан баштап соодагерлерибиз жабык, заманбап, баардык шарттары бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла баштайт»,- деп жазды жана курулуштун жүрүшү тартылган кыска видеолорду кошо жарыялады.
Бишкек шаардык мэриясы июль айында турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталганын билдирген.
Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгинде жайгашары маалымдалган. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.