• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Жапаров жаңы жылдык каникулда кайда барып келди?

18 Үчтүн айы 202516:57 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Алтай аймагындагы жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин айтты. Ал Фейсбуктагы баракчасына келечекте Ысык-Көлдө Жыргалаң–Ак Булак–Бозучук тоолорун бириктирип, ушундай лыжа базасы салынарын жазды.

«Кыргыз эли өзүбүздүн басып өткөн жолубуздун эң бурулуш, чечүүчү учурун Алтай жергеси менен байланыштырабыз. Элдик түшүнүккө караганда, Алтай – кыргыз эли мекендеген, өнүп-өскөн ыйык жерлердин бири, Манас атабыз туулуп, торолгон жер. Кыргыз тилинин көптөгөн түрк тилдеринин ичинен алтай тилине эң жакын болушу да кокустук эмес. Азыр дагы Алтай жергесинде биздин жер-суу аттарындай жерлер, тоолор, аймактар бар экени дагы бир нерседен кабар берип турат. Мына ушул Алтай жергесине барып, жаңы салынган “Манжерок” (Кыргызча аты “Миң жүрөк”) лыжа базасын көрүп келдим. Шарттары абдан жакшы. Тейлөө кызматы эң жогорку деңгээлде экен. Биз дагы жакын арада Жыргалаң–Ак Булак–Бозучук тоолорун бириктирген ушундай лыжа базасын куруп баштайбыз. Куруучу компаниялар үчүн февраль айында конкурс өткөрүлөт. Утуп чыккан компания курулушту баштайт», — деп жазды Жапаров.

Садыр Жапаровдун Алтай сапары тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес. Ал өзү Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөттө Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов аны менен чогуу болгонун көрүүгө болот.

Количество просмотров: 638