• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жапаров жана “Газпром” компаниясынын төрагасы өз ара кызматташтыкты талкуулашты

7 Теке 2023 14:44 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон бир күндүк жумуш сапарынын алкагында “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда газ менен камсыздоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун негизги маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Алексей Миллерге Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда отун-энергетика тармагындагы кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз Республикасы менен “Газпром” компаниясынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык тереңдеп, ырааттуу өнүгүү жолу менен бара жатат”, — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Алексей Миллер Кыргызстан “Газпром” компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

“Бизде энергетика тармагында, газ тармагында кызматташуу абдан жогору. Биз бул кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрүп турабыз”, — деди “Газпром” башкармалыгынын төрагасы.

Ошону менен бирге, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргыз Республикасы менен “Газпром” компаниясынын ортосундагы жакынкы келечекте кызматташуунун мындан аркы кадамдары талкууланды.

Жыйындын күн тартибинде ошондой эле “Газпром” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан Кыргыз Республикасынын аймагындагы социалдык маанилүү долбоорлор боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери каралды.

Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен “Газпром” компаниясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын конструктивдүү жана жемиштүү ишин улантуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашты.

Количество просмотров: 106