• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына катышты

21 Баш оона 20239:40 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 20-августта Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына ардактуу конок катары катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Венгриянын баш калаасына делегация башчыларынын катарында Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Түркмөнстандын Сердар Бердымухамедов, Түркиянын Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын Шавкат Мирзиеев, Сербиянын Александр Вучич, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани келди.

Бул дүйнө чемпионаты 200дөн ашуун чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын спортчулары Олимпиадалык оюндардан кийин спорттук рейтингде алдыңкы орунду ээлейт.

Бул мелдештер эки жылда бир өткөрүлөт. Программага жеңил атлетиканын 44төн ашык түрү киргизилген. Бул мелдештерге дүйнөдөгү бардык күчтүү жеңил атлетчилер катышат.


Количество просмотров: 108