• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат

21 Бугу 20219:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат.

Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрүнүн мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынат.

Количество просмотров: 105