• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров жетектеген делегация Вашингтонго барды

15 Чын куран 2024 16:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин иөрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн Вашингтонго келди.

Жумушчу сапарынын алкагында Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, USAID, Америка-Кыргыз соода палатасы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Тараптардын талкуусунун негизги темасы гидроэнергетика тармагын өнүктүрүү, атап айтканда Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору, ошондой эле экономикалык перспективалар жана климаттын өзгөрүүсү маселелери, ошондой эле «Полярдык жылдыз» мектебинин билим берүү трансформациясы программасын илгерилетүү болмокчу.

Мындан тышкары дүйнөлүк алдыңкы финансылык жана технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар пландалууда.

Количество просмотров: 117