• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

 Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барат

30 Чын куран 2024 16:08 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 2-3-майында жумушчу сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынына жана үчүнчү эл аралык Ташкент инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү жана курулуш объекттеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө

Количество просмотров: 104