• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мишустин Өзбекстанга барат

29 Жетинин айы 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 1-2-декабрь күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты Орусиянын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгүнө шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, сапардын алкагында Мишустин Самаркадда өтө турган өзбек-орус ишкерлер форумуна катышат. Бул иш-чарадагы Өзбекстандын делегациясын өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт.

Форумда транспорттук-логистикалык тармакты өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтык, эки өлкөнүн кичи жана орто бизнестеринин өз ара аракеттенишүүсү сыяктуу маселелер талкууланат.

Буга чейин «РИА Новости» агенттиги 28-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москвада орусиялык кесиптеши Владимир Путин жана Михаил Мишустин менен жолукканын билдирген. Анда Токаев Мишустин менен жолугушуусунда Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын катышуусундагы «жаңы биримдик» түзүү маселесин карап көрүүгө даяр экенин билдиргени кабарланган.

«Бүгүн Владимир Владимирович менен үч тараптуу биримдик түзүү жөнүндө сүйлөштүк. Бул боюнча ал Өзбекстандын президентине телефон чаларын айтты», – деген Токаев.

Ошол эле маалда Токаевдин да, Кремлдин да басма сөз кызматтары бул боюнча эч кандай маалымат берген эмес.

Количество просмотров: 75