• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаровду коргоо кыймылы Жээнбековго кайрылуу жасашты

4 Бирдин айы 2020 12:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн «Садыр Жапаровду коргоо» элдик кыймылынын өкүлдөрү маалымат жыйын беришти. Анда Каныбек Осмоналиев алардын кыймылынын кылган баардык кадамдары оң чыкпай жатканын айтты.

«Биз буга чейин Садыр Жапаровду абактан чыгаруу талабы менен тынчтык акциясына да чыктык. Мындай бир топ кадамдарга да бардык. Жапаров мурунку бийликтин курмандыгы болду. Анын райым сурап кайрылуусу да каралбай жатат. Биз анын кайрылуусун кош колдоп колдойбуз. Бирок эмне себептен райым берилбей жатканына түшүнбөйм», — деди ал.

Мындан тышкары «Садыр Жапаровду коргоо» элдик кыймылы ЖАМКтын саясатчынын жатак абакка которуу маселеси боюнча билдирүүсүнө нааразычылыктарын билдиришти.

«ЖАМК атайы комиссия чыгарчу чечимди алдын ала айтып жатышат. Ал эле эмес, мисалы башкаларга берилип жаткан мунапыс эмне себептен Жапаровго берилбей жатканы таң калтырат. Биз президентке да кайрылып кетет элек, Жапаровдун иши тууралуу туура маалыматтар сизге жетпей жатат окшойт. Камактагы Жапаровдун эч бир күнөөсү далилденген эмес. Бул ишти карап, өз көзөмөлүңүзгө аласыз деп ишенебиз», — дешти кыймылдын мүчөлөрү.

Эске салсак, мурунку депутат Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү. Саясатчы«2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернаторун барымтага алган» деген айыптын негизинде соттолгон. Анын кармалышын тарапташтары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы бийликтин куугунтугу катары баалашкан.

Былтыр апрелде саясатчынын ишин караган Жогорку сот аны он жылга кескен.

2019-жылы ноябрь айында Садыр Жапаров президенттен ырайым сураган. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурулган декабрдагы басма сөз жыйынында Жапаровдун арызы каралып жатканын жана мыйзам боюнча чечилиши керек экенин айткан.

Количество просмотров: 176