• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө кетти» деген маалымат боюнча Орунбеков үн катты

21 Жетинин айы 202215:02 Бишкек Govori.TV

«Акылбек Жапаровдун ден соолугу начарлап, чет өлкөгө атайын учак менен кетти» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Акылбек Жапаровдун саламаттыгы жакшы, бүгүн эртең менен аппараттык кеңешме өткөрүп, андан соң Жогорку Кеңештеги жыйынга катышканын билдирем»,— деп жазган ал.

Количество просмотров: 3416