• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаровдун миллионер Азим Рой менен түшкөн сүрөтү талкууда

8 Аяк оона 202222:17 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун бизнесмен Азим Рой (Орозахун Сайдазимов) менен түшкөн сүрөтү талкууланууда.

Президенттик администрация бул сүрөт качан жана кайда тартылганы боюнча комментарий бере элек.

Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөн ишкер тууралуу ачык булактардан белгилүү болгондой, Швейцариянын Credit Suisse банкында кыргызстандык Азим Ройдун (Орозахун Сайдазимов) эсеби табылган.

Тергөө Азим Ройдун эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин активдүү болгонун айтат. Эсептеги максималдуу сумма 11,6 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле, OCCRP журналисттери өз иликтөөлөрүндө Азим Ройдун «Россия жана Борбордук Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланышы бар ишкер» экенин жана Кыргызстандагы эң белгилүү кримавторитеттердин бири Камчы Көлбаев менен тааныш экенин аныкташкан.

Иликтөөчү журналисттер Азим Рой Көлбаевдин жакындарынын бири менен бизнес кылып жүрөт деп эсептешет.

Количество просмотров: 398