• Жума 23 Бирдин айы 2024
  • Пятница 23 Февраль 2024

Жапаровдун Климат боюнча дүйнөлүк саммитте сүйлөгөн сөзү

1 декабря 2023 в 20:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөдү.

Төмөндө Мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзүн келтиребиз:

«Урматтуу Төрага мырза,
Урматтуу делегация башчылары,
Айымдар жана мырзалар,

Улуу Даражалуу Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мохаммед бин Заед Аль Нахаянга климат боюнча саммитти уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.
Саммитте көйгөйлөр гана белгиленбестен, кечиктирбей ишке ашырыла турган чечимдер да кабыл алынат деп ишенем.
Бул жолугушууларыбыздан кийин эч нерсе өзгөрбөй, иштер адаттагыдай жүрө беришине жол бере албайбыз.
Биздин келечек муундардын жашоосуна жакшы таасирин тийгизиши үчүн биз колубуздан келгендин бардыгын жасашыбыз керек.
Эксперттердин баамында, температуранын планетанын орточо көрсөткүчүнөн кескин жогорулашы бүтүндөй Борбор Азиядагыдай эле Кыргызстанда да байкалууда.

Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөрдүн тездик менен эришине жана мөңгү баскан аянтынын кыскарышына, кургакчылыктын жана суунун тартыш мезгилинин кескин көбөйүшүнө, адамдардын ден соолугунун начарлашына жана табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келди.
Бул экономиканын негизги тармактарына, биринчи кезекте энергетика жана айыл чарбасына терс таасирин тийгизди.
Түз жана кыйыр жоготуулардын зыяны жыл сайын көбөйүүдө.
Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тоолуу экосистемаларында жайгашкан мөңгүлөр суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу жана экологиялык туруктуулук үчүн өтө маанилүү.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун суу ресурстары боюнча соңку отчетуна ылайык, «Дүйнөнүн үчүнчү уюлунун» бир бөлүгү болгон Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн азайышы — аймактагы жашоодо маанилүү дарыяларга терс таасирин тийгизди.
Ушуга байланыштуу, биздин өлкө жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери бардык деңгээлдеги эл аралык сүйлөшүүлөргө тоо тематикасын коштуруп, интеграциянын ырааттуу кыймылдаткычы болуп келет.
Биз БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин Беш жылдыгы деп жарыяланган «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин колдогондугу үчүн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз.

Бул демилгени, БУУнун Башкы Ассамблеясынын бул резолюциясы боюнча кабыл алынган глобалдык иш-аракеттер планын ишке ашырууда биз тоолуу гана эмес, башка бардык өлкөлөрдүн колдоосуна үмүт артабыз, анткени тоолор 2 миллиардга жакын адамды суу менен камсыз кылган суу мунаралары болуп саналат.

Кыргызстан жамааттык аракеттердин маанилүүлүгүн түшүнүү менен өлкөлөрдү Тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобуна бириктирет, ошондой эле Криосферанын досторунун тобуна жана Климаттын өзгөрүшүнө аялуу өлкөлөрдүн форумуна — климаттын өзгөрүшүнө кыйла аялуу өлкөлөрдү бириктирген жана эң аз сандагы чыгындыларды жараткан платформага кошулду.

Мындай аракеттер менен Кыргызстан эл аралык коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү жалпы аракеттеринин топтомуна колдон келишинче салым кошуп жатат деп эсептейбиз.

Биз эл аралык коомчулукту тоо экосистемасынын климаттык жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган тоолуу өлкөлөрдүн аракеттерин колдоого чакырабыз.

Урматтуу кесиптештер,

Кыргызстан парник газдарынын чыгышынын деңгээли төмөн өлкө катары Париж келишиминин максаттарын жактоочу бойдон калууда жана 2030-жылга карата “адаттагыдай бизнес” сценарийи боюнча абага бүркүлүшүнүн деңгээлинен 16% га, ал эми эл аралык колдоо болсо — 44% га кыскартууну пландаштырууда.

2050-жылга карата «жашыл» өнүгүү платформасында биздин өлкө көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү пландаштырууда.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү, анын ичинде гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Биз азыр жалпы 142,5 миллиард киловатт-сааттык электр энергия потенциалдын 13 пайызын гана колдонуп жатабыз.

Биздин зор гидроэнергетикалык потенциалыбызды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каржылоосуна үмүт артабыз.

ЭКБ долбоорлорун ишке киргизүүнүн эсебинен экологиялык таза энергияны иштеп чыгууну эске алуу менен Кыргызстанда жана региондо суу ресурстарын кыйла натыйжалуу пайдаланууга жана башкарууга жетишүүгө болот деп эсептейбиз, бул биздин өлкөнүн гана эмес, региондун башка өлкөлөрүнүн да энергетикалык, экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.

Инвесторлорду биздин «жашыл» долбоорлорубузга инвестиция салууга чакырабыз.

Инвесторлорду тартуу үчүн өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тынымсыз процесс жүрүп жатат, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттарды камсыз кылат.

Электр станцияларын куруу боюнча долбоорлордун натыйжалуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынган.

Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө ЭКБны өнүктүрүүгө жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган бир катар чаралар кабыл алынды.

ЭКБ субъекттерине преференциялар, жеңилдиктер жана салыктык жеңилдиктер берилген. Алар үчүн тариф салыктарды эсепке албаганда 5 АКШ центин түзөт.

Жашыл энергетика фонду түзүлгөн, анын ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди мөөнөтсүз пайдаланууга укугу бар.

2021-жылы Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп Париж келишимине Улуттук деңгээлде аныкталган жаңыланган салымын киргизди.

Учурда Улуттук деңгээлде аныкталган салымды ишке ашыруу планы иштелип чыкты, ошондой эле 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча узак мөөнөттүү Концепцияны иштеп чыгуу аяктап, Улуттук адаптация планын даярдоо жүрүп жатат.

Биз эл аралык таанылган стандарттарга ылайык климаттык чаралардын ачыктыгын жогорулатууга багытталган “Париж келишиминин алкагында ачыктыктын улуттук структурасын түзүү” программасын иштеп чыгуудабыз.

Кыргыз Республикасы ошондой эле токой аянттарын көбөйтүү боюнча “Жашыл мурас” улуттук программасын активдүү ишке ашырырууда, 2022-жылы эле 8 миллиондон ашык көчөт отургузулган.

Урматтуу катышуучулар,

Баарына айкын болгон климаттык өзгөрүүлөр адамзаттын өзүн-өзү жок кылуу багытында баратканын, чыгындылар “рекорд” коюп, өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн финансылык милдеттенмелери аткарылбаган бойдон калуусун көрсөтүп турат.

Ошону менен бирге 100 млрд доллар өлчөмүндө жылдык каржылоону топтоо максатына жете элек.
Париж макулдашуусунун духуна ылайык, дүйнөлүк коомчулукту, биринчи кезекте, өнүккөн өлкөлөрдү, өнүгүп келе жаткан аярлуу тоолуу өлкөлөрдү активдүү колдоого, анын ичинде Жоготуулар жана зыяндар боюнча фондду тез арада ишке киргизүү, кайтарымсыз шарттарда түздөн-түз каржылык колдоо жана жаңы технологияларды берүү, ошондой эле тышкы карызды климаттык долбоорлорго алмашуу механизмдерин түзүүгө чакырам.

Андан тышкары, донор өлкөлөрдүн көңүлүн климаттык каржылоону алуу процесси жана механизми татаалдыгына, финансылык ресурстар топтолбогондугуна жана көп сандаган ар кандай фонддор, мекемелер жана институттар аркылуу бөлүштүрүлгөндүгүнө бургум келет.

Бул, менин оюмча, колдо болгон финансылык ресурстарды натыйжалуу жана адилеттүү бөлүштүрүүгө өбөлгө түзбөйт.

Дүйнөлүк коомчулукту, биринчи кезекте өнүккөн донор өлкөлөрдү климаттык каржылоонун көлөмүн топтоо, аны алуу механизмдерин жөнөкөйлөтүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоонун жаңы механизмдерин түзүү боюнча көбүрөөк максаттуу иштерди жүргүзүүгө чакырам.

Инновациялык механизмдерди жана инвестициялык каражаттарды түзүү климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо боюнча туруктуу долбоорлорду колдоо үчүн финансылык ресурстарды тартууга өбөлгө болот деп ишенем.

Климаттык каржылоону топтоого жеке секторду тартуу зарыл.

Өкмөттөр, жеке сектор жана эл аралык каржы институттары ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө маанилүү.

Тоо экосистемасынын маселелери COP-28дин күн тартибине чакан аралдагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин маселелери сыяктуу приоритеттүү маселелер катары киргизилет деп ишенем, биз болсо Тараптардын кийинки Конференцияларында активдүү иштейбиз.

Сөзүмдүн аягында келечек муундар үчүн азыртадан аракет кылууга үндөгүм келет.

Биз биргеликте гана багытыбызды өзгөртүп, планетабыздын коопсуз жана туруктуу келечегине негиз түзө алабыз деп ишенем.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат».

Количество просмотров: 105