Чүй облусунун Новопокровка айылындагы көп кабаттуу турак жай объектисинде курулуш мыйзамдарынын талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталды.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, объектте курулуш-монтаждоо иштери уруксат берүүчү документтери жок жүргүзүлүп жаткан. Мындан тышкары, объектиде өрткө каршы коопсуздук аралыктары сакталган эмес.
Буга байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жакка мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Ошондой эле кемчиликтер жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулуп, айып пул салынды.