Президен Садыр Жапаровдун лыжа тээп, туристтерди Кыргызстанга чакырган видеосу Түркиянын Анкара шаарындагы экрандарда көрсөтулуп жатат. Бул тууралуу видеону Twitter колдонуучусу Кубан Өмүралиев жарыялады.
etimesgut bölgesinde sekiz tane let ekranda yayınlanıyor şu anda pic.twitter.com/tWjvyPI6IZ
— Kuban Omuraliev (@KubanOmurali) January 12, 2022
Буга чейин Ысык-Көлдөгү Каракол тоо лыжа базасында эс алып жүргөн президент Садыр Жапаров Кыргызстанга туристтерди эс алып кетүүгө чакырып, бул туурасындагы видеону ал социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.
Мамлекет башчы Кыргызстандагы кышкы туризмди айтып, республика аймагындагы лыжа базаларын, андагы артыкчылыктарды, туристтер токтой турган шарттары бар мейманканаларды санап өткөн.
«Бул база дүйнөдөгү эң мыкты ондуктун катарына кирет. Трассанын узундугу 4,5 чакырымды түзөт. Бардык шарты менен беш жылдыздуу мейманкана бар. Чүй облусунда да лыжа базаларыбыз бар. Чет элдик досторду жана туристтерди эс алып кетүүгө чакырам», — деген президент.
Мындай ыкма менен ал Кыргызстандын керемет жаратылышына эс алып кетүүгө башкаларды чакырып, туризмди жарнама кылган.