• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Лыжа тепкен президент Жапаров көпчүлүктүн көңүл чордонунда

1 Үчтүн айы 2022 20:48 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү Каракол тоо лыжа базасында эс алып жүргөн президент Садыр Жапаров туристтерди Кыргызстанга чакырды. Бул туурасындагы видеону ал социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Видео бүгүн, 1-январда тартылган. Анда зуулдап лыжа тээп бара жаткан адам президент Садыр Жапаров экенин көрүүгө болот.

«Бул база дүйнөдөгү эң мыкты ондуктун катарына кирет. Чүй облусунда да лыжа базаларыбыз бар. Чет элдик досторду жана туристтерди эс алып кетүүгө чакырам», — деген президент.

Количество просмотров: 5996